Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылындагы сарайлардын биринен жаңы союлган эликтин туяктары табылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан билдирди.

2019-жылдын 23-декабрында Бишкектен келген инспекторлор менен жергиликтүү кызматкерлер Нарын капчыгайына рейд жүргүзүшкөн. Анда 1976-жылы туулган Нурбек Дүйшөкеевдин сарайынын ичинен жаңы союлган эликтин шыйрактары табылган. Дүйшөкеевге карата Бузуулар кодексинин 192-беренесинин негизинде 12 500 сом айып салынып, бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу боюнча иштери жүргүзүлүүдө. Бул айыпты төлөгөндөн кийин жаратылышка зыян келтиргени үчүн 50 миң сом дагы айып пул төлөйт.

Белгилей кетсек, сарайдын ээси Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Жанышбек Ибраимакун уулуна таандык. Өзүнүн айтымында, кармалган жаран анын малын багып сарайында жашайт.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 262