Ош облусунун Ноокат районунда төрт киши мал уурулук боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул кылмыштуу топту кармаш үчүн төрт ай атайын иш-чаралар өткөрүлгөн. Алар жалпысынан Ноокат районунан 56 баш бодо малды жана 30 баш жылкыны уурдап, союп, Өзгөн шаарына алып келип сатышкан.

Жылкыларды жайыттан мылтык менен атып, союп терисин сыйрып этин алып кетип жүрүшкөн. Ал эми ийри мүйүздүү малдарды түн ичинде жайыттан айдап келип автоунаага жүктөп алып кетип касапчы аркылуу союп сатып жок кылышкан“,-деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уурулукка шектелип Ноокат районунун Жар-Коргон айылынын тургундары 09.11.1989-жылы туулган С уулу Б жана 17.07.1990-жылы туулган А уулу Б, Өзгөн шаарынын тургуну 30.10.1978-жылы туулган Б.И жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 08.09.1998-жылы туулган М.уулу Алар кармалды.

Кылмышка шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда мал союуга ылайыкташкан бычактар, балталар, бир даана ок атуучу курал жана башка буюмдар табылган.

Макала жактыбы?

НетДа
5
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 521