Ошто Улан Раимбековду ур-токмокко алууга шек саналып эки киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди.

Шектүүлөр Өзгөн жана Алай райондорунун тургундары болгон. Алар Раимбековду сабагандарын жана травматикалык тапанчасын тартып алгандарын мойнуна алышкан. 

Учурда кармалгандар 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бөгөт чарасы эртең сотто каралат.

Мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков 11-январга караган түнү Ош шаарында сабалган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 104