Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Биринчи май айылында жол кырсыгы катталды. Анда “Audi” жана “LADA” үлгүсүндөгү эки унаа бет маңдай сүзүшкөнүн окуянын күбөсү Элдик медиага билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1973-жылы туулган аял киши каза болгон. Мындан тышкары жабыр тарткандар бар, алар аймактык ооруканага жеткирилди.

“Жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:10дор чамасында катталды. Буга жолдун тайгактыгы себеп болушу мүмкүн“,- деп божомолдоду күбө.

Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барып жатканын кошумчалады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: