Россиянын эл артисти Александр Серовду бутка атып кетишти. Подмосковьедеги кафелердин биринде Серов жолдоштору менен ичимдик ичип отурушкан. Коңшу столдо отурган кардарлар менен чырдаша кетишип, эркекче сүйлөшүү үчүн эшикке чыгышат.

“Чыр башталганда эле эркекче бүтүрөлү деп сыртка чыктык. Сүйлөшүүгө мүмкүн болбоду, себеби бирөөсүндө тапанча бар экен. Ал мени бутка атып жиберди”,-деп билдирген артист.

Александр Серов ооруканага жаткырылып, бутундагы ок алынды. Бирок ал бир аз сылтып басып жүргөнүн айтты. Ал эми ок чыгаргандарга карата полицияга арыз жазган жок.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 57