Словакиянын борбору Братиславада “Маш ботой” күүсү жаңырды. Казак улуттук искусство университетинин оркестринин аткаруусундагы күүнүн видеосу интернетте популярдуу болууда.

Кыргыз күүсү залда чогулгандардын узакка созулган кол чабуулары менен коштолду.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатында 1000 комузчу “Маш ботой” күүсүн аткарып, жергиликтүү элди да, чет жактан келгендерди да таң калтырган.

“Ботой” — армандуу күүнүн бир багыты болуп саналат. Атай Огонбаев шатыра-шатман мүнөзүнө жараша муңдуу ыргакты өзгөртүп, ыкчамдык, көңүлдүү маанай кошуп, күүнү “Маш ботой” деп атап алып чыккан деп айтылат.

Макала жактыбы?

НетДа
18
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: