“Торугарт” өткөрмө пунктунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 102 000 даана жумушчу кол кап табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.

“Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Торугарт” өткөрмө пунктунда Кытай Эл Республикасынан келген жүк ташуучу автоунааны текшерген учурда бажылык декларациядан өткөрүлбөгөн 170 кап, жалпы салмагы 5100 кг болгон 102 000 даана жумушчу кол кап табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: