Өзүм жөнүндө жазылган комментарийлерди окубайм. Бул тууралуу Тазабек Икрамов “Марал” радиосунун түз эфириндеги маегинде билдирди. Парламентте ката сүйлөгөн сөздөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурда ага кандай реакция кылганын айтып берди.

“Сөздөн адашып калды дегендерди Мауглиде “Атилла жыгылып калды” деп жанында жүргөн шакалдардай (ред: -чөөлөр) эле кабыл алдым. Мен мас болуп же аянтка жылаңачтанып чыгып алсам уялсам болот эле. Ошол сөздү айтып жатканда эмоцияга алдырып, айта албай калдым. Алла Таалам уят сөздү айттырбай койгондур.”

Депутат мындай учурларда спорттун жардамы менен сабырдуу болгонун, күн сайын 2 саатын машыгууга бөлөрүн кошумчалады.

” Жаңы саясатка келгенде буга чейинки саясатчылар баардыгы  “эгерде жакшы жумушту алып барам десең, же жакшы кетем дей турган болсоң оорулуу болбой, жүрөк оорулу болбоюн  десең  эч качан комментарий окуба сени ким мактап жамандаса дагы” деп айтышчу. Алардын айткандарын жакшы кабыл алып калгам.  Мен алардын баарын окуганда жокмун- дейт Икрамов.

Макала жактыбы?

НетДа
10
26
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: