17-январда Кадамжай райондук соту Көк-Ташта кармалгандардын экөөнү үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Манас Сейтказиев  “Азаттык” радиосуна билдирген.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин “Массалык башаламандыкка катышуу” беренси менен шек саналган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына бошотту. Сот Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы, үй-бүлөдөгү камкорчу экенин эске алган.

Ал эми Жазык кодексинин “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү” беренелери менен шек саналган Зайнидин Бердиев жана Нурбек Сапарбаев эки айга камакта калды.

11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында төрт киши кармалган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: