КРнын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, Аалы Туткучев жетектеген «Эл ырчысы Эстебес» тобунун  «Катын калп айтпайт, каңырыш угат» деп аталган концерттик программасына президент Сооронбай Жээнбеков көрүүчү катары келди. Элдик медианын журналистти президент күтүүсүз келген видео менен пикир калтырды.

Адатынча "акырыыын" кирип келди да, кайра акырыыын чыгып кетти. "Урматтуу Ж.С.Ш. келатат, же келет какырбагыла, согунбогуло,*сурбагыла" деген жан да, белги да болгон жок. Ордунан эч ким турбай койду дегендер болуп калса дегеним😅Эмне десенер да эл ыраазы болду, кубур-жыбырдын барыле жакшы создор.Дем алышта биз деле эл катары ушинтип концерт коруп келдик🙂Ал эми "Эстебес"тобунун чыгармачылыгына соз жок.👏

Опубликовано Жылдызой Байысовой Суббота, 18 января 2020 г.

Ал эми төкмө акын өз ырында белгилегендей “Эстебес” тобунун концерттине ажо биринчи жолу катышып жатат. Буга чейин айыл өкмөт да келген эмес. Бул кудайдын  маданиятка бергени“- деп төктү.

Ал эми ажонун бул кадамын маданият кызматкерлери жогору баалап президенттин маалымат кызматы да бул саамалык айыл жергесинде да улантыла турганына Сооронбай Шарипович да тилектеш экенин жазды

“Аалы Туткучев баштаган “Эл ырчысы Эстебес” тобу тартуулаган музыка, драма, юмор, сатира аралаш кечеси ушул көйгөйлөрдү эки сааттан ашык убакытта көрөрмандарга жогорку чеберчиликте жеткирди.Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында аншлаг менен өткөн кечеден алган таасир ушундай. Ал эми Президент Сооронбай Шарипович Аалы мырза жетектеген топтун “аймактарды кыдырып, концертти элеттиктерге тартууласак” деген изги тилегин колдой турганын билдирди”

Макала жактыбы?

НетДа
245
9
Loading...

Комментарии

  1. Азаматсын,Аалы,Ийгилик сага!!! Ажообуздун коруучу катары келгени эн соонун саамалык. Бар болгула,чыгаандар!!!

  2. Азаматсын Аалы ишине ийгилик!!!
    Ажобузга да чон рахмат, карапайым эл менен аралашып концертке келгенине элибиздин маданияты которуло берсин

Добавить комментарий для Айдар Жокко чыгаруу жооп

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 10 646