«Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп, өсүүдө», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде.

“Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу үчүн биз коомчулуктун, эмгек жамааттарынын оюн эске алдык. Бүгүн сиздерге, эл арасында абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө мыкты салым кошуп жаткан мекендештерибизге сыйлык тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Сыйлык алып жаткан инсандарыбыздын арасында Тажибаев Абдиваит аксакалыбыз, Айтматова Роза эжебиз, Актанов Табылды аксакалыбыз жана Осмонов Өскөн агабыз бар экенин, аларды урматтоо менен белгилеп кетким келет.

Абдиваит Тажибаевич бүткүл эмгек жолун Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө арнады. Бир катар райондорду жетектеп, элет жерин өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошту. Артынан бир катар кадрларды өстүрүп чыгарды. Эл арасында кадыр-баркы бийик ардагер катары журтубуздун ынтымагын чыңдоого чоң салым кошуп келе жатат.

Роза Төрөкуловна мектептин мугалими, институттун окутуучусу катары көптөгөн жаштарды тарбиялады.

Эне катары, адис катары жаштарды колдоо багытында тынбай иштеп, опол тоодой эмгек өтөдү. Жаштардын насаатчысы катары кылган эмгеги коомдун мактоосуна арзыды. Кыргызстанда күчтүү жарандык коомдун түптөлүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошту.

Улутубуздун сыймыгы Чыңгыз Төрөкуловичтин бир тууганы, атанын татыктуу кызы, Роза эжебиз өз эмгеги менен журт арасында кадыр-баркка ээ. Мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келүүдө.

Табылды Актанович көп жылдардан бери театр тармагына эмгек сиӊирип, маданияттын көйгөйлөрү менен жашап келет.

Комузчу, обончу, режиссер, драматург театр жана кино актеру катары элибиздин купулуна толгон чыгармачылык инсан.

Профессор Осмонов Өскөн улуу муундун өкүлдөрүнө үзөӊгүлөш көп жылдардан бери үзүрлүү эмгек өтөдү. Студенттердин бир канчаларын окутту, турмуш жолуна узатты, илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдады. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — кыргыз тарыхын изилдөөгө чоӊ салым кошту. Тарых сабагы боюнча мектеп окуучулары үчүн окуу китептеринин автору.

Бул урматтуу инсандарыбыз өзүнүн эмгекчилдиги, эл-жерине өтөгөн таза кызматы аркылуу „Манас“ орденине татыктуу болушту.”

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: