Бүгүн, 20-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарышты.

Бул иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков катышты. Жыйында өз кесибинин мыктылары атайын лента, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сүйүн Өмүрзаков ар бир жетекчиден аткарган иштери тууралуу сурап, кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле акыркы мезгилдеги Ош шаарында катталган өзгөчө оор кылмыштарды тез арада ачууну тапшырды.

Министрдин биринчи орун басары ошол эле мезгилде башкармалыктын жетишкендиктери тууралуу айтып өтүп, коомдук жайлардагы кылмыштардын азайгандыгына, катталган кылмыштарды ачуудагы алдыңкы катарда келе жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Мындае тышкары Ош ШИИБнын кызматкерлерине дагы жаңыдан курулуп келе жаткан көп кабаттуу үйдөн батирлер бериле тургандыгын дагы белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: