“Менин отставкамды талап кылып чыккан Бишкектеги митинг акчага уюштурулган”,-деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Менин дарегиме карата айтылган айыптоолор – бул жалган. Тажикстандын атайын кызматы менен эч кандай байланышым жок экенин УКМКнын териштирүүсүнүн жыйынтыгында бар. Мага каршы акцияны ким уюштурганын билем. Бирок анын атын атабайм. Муну тийиштүү органдар териштирсин. Борбор калаадагы митинг акчага уюштурулган. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт“,-деп белгиледи Разаков.

Эске салсак, 13-январда парламенттин алдында митинг өтүп, анда чек ара маселесин көтөрүп чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин да талап кылышкан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
18
Loading...

Комментарии

  1. Эл жактырбай жаткандан кийин кетип калбайсынбы? Кылган ишиндин дайыны жок. Уятын жок экен.

  2. Бул акмак Баткен элин которбой эле, ошол элдин чек ара маселесин чечип койбойбу..?

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: