Сокулукта бус менен жеңил унаа бетме бет кагышты. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгонун Чүй ОИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн 21-январда саат 07:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Сокулук айылына жакын жерде болгон.

Honda Accord унаасы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, “Бишкек – Кара-Балта” багыты боюнча бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter кичи автобус менен кагылышып, үч адам мерт болгон. Мындан тышкары 7 адам жабыркап Сокулук ооруканасына жеткирилди.

Макала жактыбы?

НетДа
13
56
Loading...

Комментарии

  1. Азыр бардыгы праваны сатып алган анан бирнерседен кур калгандай каттуу айдашат

  2. Аягында ” Макала жактыбы?” деген суроого “жок” деп бастым, кимге жагат мындай жагымсыз жаңылык? Ал эми мындай жаңылыктарды биринчи болуп тараткан деле жакшы эмес, жакын адамдары жай баракат отуруп интернеттен билип калса, жанында эч ким жок болсо кандай болот ошону дагы ойлош керек да. Ар кандай болушу мүмкүн, жүрөгү кармап калышы ж.б. кантсе дагы жакын адамдары мындай суук кабарды укканда жанында колдогон адам болуш керек.

  3. Мындай макалга жакты жакбады деп кантип суроо койгонго дитинер барды. Кырсык болуп адамдар каза болуп жатса. Эртен менен эрте туруп уйлорунон умут менен чыгышты жумушка ойлорунда жок кырсыка кабылышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: