Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерине карата жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерди айыптады. Ошондой эле медициналык кызмат алып жаткан жарандарды этиканы жана укуктук ченемдерди сактоого чакырды.

Бишкектеги балдар ооруканасында бейтап менен дарыгердин ортосунда чыккан жаңжалга калыс баа берүү үчүн министрлик комиссия түздү. Комиссиянын курамына саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, медицина кызматкерлеринин профсоюзу кирди.

Мындан тышкары учурда Эмгек кодекси, жарандык кодекс жана Жоруктар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн депутат Аида Исмаилова башында турган ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү.

Кечээ 21-январда аталган комиссиянын алгачкы отуруму болуп өттү. Жакынкы убакта документ иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: