Чүй облусунун Панфилов районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын(ЭККМК) жана Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) кызматкерлери “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан фактысын аныкташты.

Кечээ, 21-январда Панфилов районунун аймагынан тийиштүү документтери жок, жүгү 1000 литрге жакын, жыты бар суюктук толтурулган челеги менен “Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаа кармалды. Азыркы учурда аталган унаа айып короого киргизилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: