Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

«Агрессивдүү аял телефонду жулуп алып, бир канча жолу ичке урду. Дарыгерлерди эмнеге мынча жаман көрүшөт, түк түшүнбөйм? Баланы дарыгерлер толугу менен кароодон өткөрүшкөн. Алар бала ангина болгондо жөтөлө турганын айтып түшүндүрүшкөн,» — деп айтылат маалыматта.

Бейтаптын орой мамилесине кабылган дарыгердин 5 айлык боюнда болгон. Учурда ал боюнан түшү калуу коркунучу менен ооруканага жаткырылды. Бул айдын аягына чейин иштеп берген соң, жумуштан кетүү боюнча арыз жазарын белгиледи.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, соттук –медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы убакта милиция кызматкерлери ал аялдын өздүгүн тактоо жана жашаган жерин аныктоо боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эске салсак, дарыгерге кол салган мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. 13-январда аталган ооруканада дагы бейтап менен дарыгердин ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
8
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: