Вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстандагы жашоого нааразы болгондорду Памирге жиберүүнү сунуштады.

Бакиров 2012-жылы Кыргызстанда чет жерде жашаган этникалык кыргыздар тууралуу маселе көтөрүлгөнүн эске салды. 2013-2014-жылдары делегация Улуу жана Кичи Памирге барып жеринен кабар алып келишкен, учурда бийлик мекенине кайткысы келген памирлик кыргыздарга жардам берип жатат.

Ал жердеги жашоонун оордугу, кыйындыгы массалык маалымат каражаттарынан жана тарых баракчаларынан көрүнүп турат. Кыргызстанга бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптар болсо, ошол жакка бир жумага жолдомо алып жөнөтүш керек да. Кандай оор турмушту башынан кечирип жаткандарын реалдуу көз менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт“,- деген оюн парламентте айтты.

Мындан тышкары мекенине кайткан этникалык кыргыздарга күрөөсүз насыя берүү программасын өкмөт иштеп чыкса деген сунушун ортого салды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: