Cambridge School тил мектебинин директору Али Тиджани Абубакардын өлтүрүлүшү боюнча сот өкүм чыгарды.

Айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 90 миң айып пул салынды. Токтом Жогорку соттун сайтында жарыяланган.

Эске салсак, 2-июлда Cambridge School мектебинин директору Али Тиджани Абубакар Бишкектеги «ЦУМ» соода борборунун жанынан сабалган. Жабырлануучу комага түшүп, үч күндөн соң Республикалык улуттук госпиталда эсине келбей көз жумган.

Окуя болгон күндүн эртеси чет элдикти ур-токмокко алууга шектелип 21 жаштагы кыргызстандык кармалган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: