Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет Кызыл ай коомунун ыктыярчылары менен бирге Октябрь районундагы үй-жайсыздарды кабыл алган жайга барып ысык тамак берди.

Буга чейин чет элдик дипломат башка ыктыярчылар менен кошо көчөдө калгандарга тамак тараткан.

Баш калкалоочу түнөгү жок ар бир адамга атайын контейнерде куюлган шорпо тамагы берилди. Мындай кайрымдуулук акция Бишкек мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы менен 2020-жылдын апрель айына чейин өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Октябрь райондук баш калкалоочу жай А. Токомбаев көчөсүндөгү 12-кичирайондо жайгашкан.  Тел.: 51 19 38, 0708074040, 0559180218.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: