Чүйдүн Эркин-Сай айылындагы мектептин алдынан окуучуну уурдап кете жаздады деген маалымат жалган. Бул тууралуу окуучу кыздардын ата-энеси билдирүү жасашты. Алар белгисиз адамдар кыздарды кара джипке салып кетмекчи болгон деген маалыматты төгүндөштү. Чүй облустук ИИББ ата-эненин видеокайрылуусун таратты.

«Кечээки интернет булагына тарап кеткен видео боюнча билдирүү кылып коеюн дегем, кызымды уурдап кетти деген бул калп. Чындыкка дал келбейт. Кызым аман-эсен үйдө», — дейт кыздардын биринин атасы Нурбек Бообеков.

Эске салсак, 22-январда Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү түшүп, анда Эркин-Сай айылында белгисиз адамдар эки жаш кызды унаага салып уурдоого аракет кылганы айтылган. Мектептеги окуянын видеосу соцтармактарда тараган.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери күбөлөрдүн бардыгынан жана айыл тургундарынан сурак алып, бирок эч кимиси айылдан чочун унааны көргөнүн билдирген эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: