Минск Москвадан чөгөлөп мунайзатын сурабашы керек деп билдирди Беларусиянын президенти Александр Лукашенко. Мындан мурдараак Беларусь республикасы Россия менен бааны сүйлөшпөй Норвегиядан мунай сатып ала баштаган.

Лукашенко Россиядан мунай сатып алуу боюнча орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү улантууну ниеттенүүдө.

Беларусиянын президенти россиялыктарды өзүбүздүн эл дегени менен, бирок макул болбогон көз карашын билдирди. Лукашенко Россия бүгүнкү күндө бизди басмырлап жатат деп нааразы болду, “бизди баш ийдирүү үчүн уялбастан кемсинтип жатат” деген оюн айтты.

Ошондой эле Россия Беларусияны миллиарддаган чыгымга учуратуу үчүн атайын мунайдын баасын жогорулатып жатат деди. Мындан улам мамлекет башчы өлкөгө мунай ташып келүүнүн альтернативдүү жолу бар экенин билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
51
7
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 496