Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишинде мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор Б.Рыскулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.

24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамкаттоонун мурдагы кызматкери кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткендиги үчүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны сынга алган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
18
4
Loading...

Комментарии

  1. Мыйзамды так аткарбаган кызматкерлерди ойлонбой туруп жумуштан кетирип, жоопкерчилике тарту керек.

  2. Буларды иштен эле албай, жоопко тартыш керек и экинчи мамлекеттик кызматка отурбагандай кылып.

  3. Ушинтип эле кутулуп кетеби, кичине убакыт отот анан кайра башка жагына учкашат.
    Кара тизме кылыш керек, жарыя кылыш керек, куноосу такталса кесиш керек. Антпесе эмне майнап, 100 млн жейт 3 млн толойт чыгып кететя бищнес ачыбалып журо берет

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 924