Абылгазиев медициналык беткапка жана дарыга болгон баанын туруктуулугун камсыздоону тапшырды

225

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Премьер-министр бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин белгиледи. “Мамлекет башчысы конкретүү тапшырмаларды берген, анын ичинде өлкө аймагына вирустун киришине жол бербөө боюнча Иш аракеттердин планын иштеп чыгуу жана алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу бар”.

Абылгазиев Өкмөт короновирустун киришин жана тарашын алдын алуу боюнча санитардык, эпидемияга каршы иш чараларды уюштуруу тууралуу иш аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыкканын белгиледи.

«Министрликтер, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары планга ылайык короновирустун өлкө аймагына тарашына жол бербөө жана бул илдет катталган учурдагы механизмди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуусу керек. Ошондой эле медициналык мекемелердин бейтаптарды кабыл алуусунун даярдыгын, лабораториялык изилдөөлөр үчүн зарыл болгон медициналык материалдардын запасын түзүү, вируска каршы дары-дармектерди, дезинфекциялык жана жеке коргонуу каражаттарын камдоо, аныктоо жана дарылоо маселеси боюнча медицина кызматкерлерин даярдоону камсыз кылуу шарт», – деди Өкмөт башчы.

Ал ошондой эле дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу үчүн жеке коргонуу каражаттарынын (медициналык беткап), тиешелүү дары-дармектердин наркына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөө тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандары менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү милдеттендирилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь