Ээн жүргөн жылкылардын ээси акыр-аягы табылды

292

Бишкекте ээн жүргөн жылкылардын ээси табылды. Бузуулар кодексине ылайык ал 3 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

«“Ынтымак” жана “Ататүрк” парктарында оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылып, жоопкерчиликке тартылды».

Кечээ Калича Умуралиева башында турган “Шаардык парк” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ататүрктө жүргөн жылкыларды айдашкан, андан соң санитардык-экологиялык инспекциясына кайрылышкан болчу.

Үйүрдүн ээси Д.Т. аттуу жаран болуп чыкты, ага карата Бузуулар кодексинин 120-беренеси менен протокол толтурулган.

Борбордук муниципалитет шаардыктарды, фермерлерди шаардын эрежесин бузбоого чакырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь