Көчөдөгүлөрдү көзгө илбей заара кылган айдоочу иштен алынды (видео)

3 635

Маршрутканын эшигин гана ачып көчөдө заара кылган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан билдирди.

Интернетке жарыяланган видеого байланыштуу шаардык транспорт башкармалыгы чукул териштирүү жүргүзүү үчүн “Денвер” ЖЧКсынын жетекчисин чакырткан. Натыйжада B1924A мамлекеттик номурдагы №265 маршрутканын айдоочусу С.К. “Денвер”ЖЧКсынын буйругу менен иштен алынды.

Ошондой эле башка транспорт ишканаларына дагы айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тапшырма берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь