Чолпонбаев: Кыргызстанда коронавирус боюнча дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок

218

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымдагандай, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн тепловизорлор орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизорлор менен Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактардын баарын текшеришет. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында вирусту жуктуруу аныкталган шартка атайын палаталар даярдалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь