Артем Новиков премьер Абылгазиевдин кеңешчиси болуп дайындалды

184

Артем Новиков Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Белгилей кетсек, Новиков буга чейин Кыргызстандын мурдагы эки премьер-министри Өмүрбек Бабанов жана Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси болгон.

2017-2018-жылдары Кыргызстандын экономика министри кызматын аркалаган.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь