Бишкекте айдоочу 25 жана 85 жаштагы эки кишини сүзүп кетти

447

Бишкекте Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бирөөсү оор абалда. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 19.20да Жибек Жолу проспектисинде катталган.

1991-жылы туулган айдоочу А.Ж. Жибек Жолу проспектиси менен бара жатып, 2 жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. 25 жаштагы Ш.К. жана 85 жаштагы Д.Д. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Улгайган жабырлануучу төш клеткасынан, ал эми экинчиси башынан жаракат алган.

Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь