Депутат: Стадиондун документтери 2012-жылы эле даярдалган, алигиче куруу жумуштары баштала элек

142

Аксы районунун борбору Кербен шаарында 30 миң адам жашайт, бирок ушул кезге чейин жарытылуу стадиону жок. Ошондон улам, жаштар түзгөн футболдук команда кайда барып ойнорун билбей отурат. Алар заманбап стадион куруп берүү өтүнүчү менен кайрылууда. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ырас, стадион курууга 3,5 гектар жер бөлүгөн, бирок ал какыраган талаа бойдон турат. 2012-жылы эле документтери даярдалганына карабастан, ушул кезге чейин анын куруу жумуштары баштала элек. Аймактар өнүктүрүү жылында ошол курулушту бөткөрүп берсе жакшы болмок», – деп кошумчалады депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь