ЖАМК: Равшан Жээнбеков отурган камерадан самынга катылган телефон табылды

1 090

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков жаткан СИЗО-1дин камерасына тинтүү жүргүзгөндө 3 уюлдук телефон табылды. Бул туураалуу бүгүн Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматынан билдирди.

Буга чейин Равшан Жээнбеков тергөө изоляторунун кызматкерлери камерада тополоң кылганын айтып, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директоруна арызданган.

28-январда жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында азык-түлүк салынган кутуга катылган 2 уюлдук телефон алынды. Мындан тышкары амалдуулук менен самындын ичине катылган дагы бир телефон табылды.

Бардык телефондо сим-карталар болгон. Тинтүү иш-чарасы саат 21:30дан 22:30га чейин жүргүзүлүп, ЖАМКнын байкоо жүргүзүү жана анализ борборунун видеобайкоосу онлайн-режимге коюлган.

Равшан Жээнбековдун “тинтүү кылган кызматкерлер №307 камерада кармалып жаткандардын жеке буюмдарын жана тамак-аштарын тепселеди” деген маалыматы чындыкка дал келбейт“,- деп айтылат ЖАМКнын маалыматында.

Ал эми камерадан табылган телефондор боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы 12-декабрда “барымтага алуу” жана “массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелери менен кармалган. Ал 19-февралга чейин СИЗОго киргизилген.

Комментарии

  1. Кудай сакта. адамдан амал качып кутулбайт. телефон аркылуу США мн байланышып жатса керек. Информация берим

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь