Журналист тийиштүү документтерди толуктап Жеңиш Разаковду кайрадан сотко берет

170

Журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кайрадан сотко берүүгө даярданып жатканын «Jebe.media»басылмасына билдирген.

Ал түшүндүргөндөй, буга чейинки жазылган арызда талап кылынган документтер жетишсиз болуп калгандыктан Биринчи Май райондук соту арызды артка кайтарып салган.

“Мамлекеттик алымдарды төлөп, сот талап кылган тиешелүү документтерди толуктаган соң Жеңиш Разаковду кайрадан сотко берем. Ал кечирим суроочу жерде турат. Элди “акчага чыктыңар” дегени үчүн кечирим сурасын. Вице-премьер-министр элди түздөн-түз кемсинтип жатпайбы. Жеңиш Разаков болобу, башка аткаминер болобу эл менен сүйлөшкөндү үйрөнсүн. Менин максатым ушул. Эгер соттон утуп алсак, өндүрүлгөн акчаны Баткендеги чек арага жакын жашаган элдердин социалдык муктаждыгына жумшайбыз”, – деди Мамыркулова.

Баткендеги чек ара көйгөйлөрү боюнча Бишкекте өткөн митингдин катышуучулары журналист Канышай Мамыркулова менен Самат Алиев 23-январда  вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго каршы доо арыз беришкен.

Арыздануучулар  Жеңиш Разаковдун “митингдин  катышуучулары акчага чыккан” деп айткан сөзүн соттон далилдеп берүүсүн талап кылып жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь