Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут экспорттоп баштады

205

Кыргызстандан Грузияга темир жол аркылуу мазутту экспорттоо башталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому жүктү жөнөтүп жатат. Маалыматка ылайык, 2019-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан темир жол башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп өткөн. Тараптар эл аралык мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү, контейнердик поезддерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишишти. Бул Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттери ошондой эле Европа өлкөлөрү менен Азия континенттеринде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Биринчи жүк ташуучу поезд Кыргызстандын Кара-Суу темир жол бекетинен Грузиянын Батуми темир жол бекетине 2020-жылдын 21-январында жөнөп кетти. Жүктүн көлөмү 49 цистерна мазутту түзөт. Ал эми 2020-жылдын 22-январында экинчи поезд кеткен. Жүктүн көлөмү 48 цистернага барабар. Аталган курам транзит аркылуу Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын аймагы менен 33 сааттын ичинде ийгиликтүү жеткирилген.

2020-жылдын 28-январында Карасуу темир жол бекети дагы 24 цистернаны кабыл алды.

Экспорттолгон жүк мазут-100 продукциясы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь