Мусабекова: Өкмөт өзү шаан-шөкөттөрдүн башында турат

231

Мына, акыркы үч жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланып келет. Жолдорубуз жаңырып, заңгыраган мектептер салынып, таза суу киргизилип, элет жергеси аябай өнүгүп кеткен окшойт. Муну Өкмөттүн кайра-кайра ар кандай маарекелерди белгилеп, күркүрөтө той берип жатканан эле байкасак болот. Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ансыз дагы каржалып турган калкыбызды ашкере чыгымга учуратып жаткан ар кандай тойлорду убактылуу токтото туруу тууралуу байма-бай айтылып келет. Өкмөт мындай алгылыктуу демилгени колдомок тургай, өзү ошондой шаан-шөкөттөрдүн башында турганы байкалып турат. Аймактар өнүгүп, элеттиктердин турмушу оңолуп калса, анда алардын өздөрү деле ошол тойлорду өткөрүп бермек. Мамлекеттик каражатты топуксуз тойлорго жумшабай, аймактардын өнүгүшүнө жумшасак туура дагы, кыйла пайдалуу да болмок», – деп кошумчалады депутат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь