Ош базарда жарандын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткен шектүү кармалды

629

Ош базардын аймагында жарандын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткен шектүү кармалды.

27-январда Ленин РИИБне У.Ч. аттуу жаран кайрылып, Ош базардан 11 миң сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергенин айткан.

“Уурулук” беренесинин негизинде ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, шаардык криминалдык милициянын кызматкерлери 1982-жылы туулган К.М. кармашты.

Уурулукка шектелген жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка иштерге тийешеси жокпу териштирилүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь