“Төрага атка мине албай койду” деген видеону тамаша катары кабыл алдык (ВИДЕО)

2 227

Интернетте Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атка мине албай калган видеосу чыкты. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары спикердин бул көрүнүшүн сынга алса, айрымдары шакабага алышты.

Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөнүн тамаша катары кабыл алдык”,- деп маалымат таратты Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу.

Маалымат катчы сөзүнүн аягында “аттан кимдер гана кулабайт” деп белгиледи.

Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот. P.S. Аттан кимдер гана кулабайт:-)))).

Опубликовано Ibraim Nurakun Uulu Среда, 29 января 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь