Эрмамат Тагаев: 2020-жылы электр энергиясынын каатчылыгы болуу коркунучу бар

180

2020-жыл кургакчыл болот деген божомол бар. Ошондон улам, Токтогул ГЭС каскадындагы суу сактагычтар толбой, электр энергиясынын каатчылыгы болуп, баштагыдай лимиттер коюлуп, пландуу өчүрүүлөрдүн кайталануу коркунучу бар. Өкмөт бул багытта тийиштүү алдыналуу чараларын көрүп, коңшу өлкөлөр менен кошумча арзан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташы керек. Бул тууралуу депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт быйыл кургакчыл болорун, суу сактагычтардын толбой калуу корунучу бар экенин билет, бирок алар боюнча иштиктүү чаралардын көрүлүп жатканы байкалбайт. Мисалы, коңшу өлкөлөрдөн 1 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолсо, ал 1,5 млрд куб/метр суунун ордун жапмак. Өкмөт маселенин ошол жагын ойлонуп, азыртан тийиштүү чараларды көрүшү керек, ансыз калкыбыз кыйналып калат», – деп кошумчалады депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь