Юрист Кайрат Осмоналиевге карата кылмыш иши козголду

454

Юрист Кайрат Осмоналиевге карата “Билип туруп жалган жеткирме берүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

21-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне “Кыргызнефтегаз” ААК өкүлү Р.А. арыз менен кайрылып, анда Кайрат Осмоналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Арызында 2020-жылдын 13-январь күнү “Vesti.kg” маалымат порталына берген интервьюсунда эксперт Кайрат Осмоналиев “Кыргызнефтегаз” ААК башчыларынын жана чиновниктеринин ишмердүүлүгүнүн айынан Кыргыз Республикасы миллиардга жакын акча каражатын жоготууда жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын башчылары чет өлкөлүк компаниялар менен жалган пайдасыз келишимдерге кол коюуда, ошондой эле диверсияларга жана келишимдерге жамынып алышып кылмыш жасап жатышкандыгын билдирген.

Аталган арыз Ленин районунун ИИБнин КЖБРне катталып, “Билип туруп жалган жеткирме берүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ал эми юрист Осмоналиев ага карата козголгон кылмыш ишти сөз эркиндигине болгон басым катары сыпаттоодо.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь