143 миң сом пара алууга шектелип аткаминер кармалды, учурда ал ооруканада

430

Бишкекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун борбордогу аймактык башкармалыгынын директору Болот Момбеков кармалды.

Маалыматка караганда, ал кыргызстандык жарандан Чехияга медициналык көргөзмө жасап берем деп 143 миң сом алган. Бирок маселени чечип берген эмес. Кечээ ал акчанын 10миң сомун кайтарып берип жаткан жеринен кармалды. Учурда Болот Момбеков ооруканада кайтаруу алдында жатат.

Кармоо иш-чарасын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы жүргүзгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь