7-8-февраль күндөрү көк бөрү боюнча Чүй облусунун чемпионаты өтөт

148

7-8-февраль күнү Сокулук районунун “Белек” ат майданында көк бөрү боюнча Чүй облусунун чемпионаты өтөт. Иш чара Чүй облустук Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Аталган чемпионатта “Нооруз” майрамына карата өтө турган көк бөрү боюнча турнирге тандоо туру болот. Чүй облусу боюнча тай казан оюнуна райондор арасында 8 команда катышат жана 40 жаштан жогору 8 команда катышышат.

Мындан тышкары айылдар арасында жер улак болот. Беттештин эрежеси боюнча 2019-жылы жогорку лигада ойногондор жана келишим боюнча башка облустун командаларына ойногон көк-бөрүчүлөр катыша албайт. Көк бөрү боюнча мелдеште орундарды ээлеген командаларга Чүй облусунун Көк бөрү федерациясы тарабынан даярдалган дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь