Б.Момбековдун пара менен кармалган учурдагы видеосу

1 038

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек аймактык башкармалыгынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) жетекчиси Болот Момбеков 800 евро (143 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдады.

29-январда колго түшкөн Момбеков кийин темир жол ооруканасына жаткырылган.

Финполиция шектүү жетекчи чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап бериш үчүн андан акча талап кылганын билдирди. 31-январда Биринчи май райондук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралат. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь