Кытайдан Кыргызстанга келген жарандардын саны 42 болду

334

Кытайдан Кыргызстанга келген жарандардын саны 42 болду. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей 30-январга карата коронавирусту жуктургандар катталган жок.

Ысык-Атанын ооруканасында дарыланып жаткан 6 адам жашаган жеринин медициналык көзөмөлдөөсүнө жиберилди.

Санитардык-карантиндик пункттан 14 445 адам кароодон өттү. Кытайдан келген 42 кишинин 24ү Кыргызстандын жарандары ал эми 18и Кытайдын жарандары. Бардыгы термосканердин жардамы менен тийиштүү медициналык процедурадан өтүп, эч кимисинен оорунун белгилери аныкталган жок.

Бүгүнкү күндө Москва районунун аймактык ооруканасында алты адам, Сокулукта 3 киши жатат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүнүн астында, абалдары канааттандырарлык. Калган 33 адам штабдын чечими менен, жашаган жеринин медициналык көзөмөлүндө болууга кое берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь