Медициналык беткап 15 сомго чейин кымбаттап, эки күндө 2 миллион даанасы сатылды

425

Медициналык беткаптардын баасы Бишкекте мурда 3-5 сом болгон болсо, бүгүнкү күндө 15 сомго чейин жогорулады. Учурдан пайдаланып, дарыканалардан жүз миңдеген беткаптарды сатып алып, кайра кымбат баада саткан фактылар кездешет. Саламаттык сактоо министрлиги баанын жогорулашы негизсиз экенин айтып, бул боюнча атайын аракеттерди көрүп жатканын билдирет.

Муну менен катар айрым дарыканаларда медициналык беткап калбаганын айтышты.

Мындан сырткары, айрым маалымат каржаттары 500 миң беткап сатып алып, кайра кымбат баада сатуу менен алектенген жаран тууралуу жазып чыгышты. Мындай факт катталганын Саламаттык сактоо министрлиги да ырастады. Аталган министрликтин алдындагы дары-дармек департаментинин маалымат катчысы Жылдыз Жумагулова бааларды жогорулатпоо боюнча жүрүп жаткан аракеттер тууралуу төмөнкүчө маалымат  берди:

“28-январда дары-дармек ташыгандар, фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Беткаптын баасын көтөрбөө боюнча макулдаштык. Чындыгында, элдин дүрбөлөңүнөн улам ортомчулар пайда көрүүгө аракет кылышууда. Мындан улам, дарыканаларда бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоо боюнча сүйлөштүк. Ошондой эле саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлдү. Бул мурда ташылган Кытай, Орусия жана Казакстандан медициналык беткап алып келүү токтотулгандыгына байланыштуу башка жолдорду табуу боюнча иш алып барат. Азыркы учурда Түркия, Түштүк Корея жана Индиядан беткаптарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.”

2020-жылдын 28-январында дарыканаларда 3,5 миллион беткап бар экендиги айтылган болсо, 30-январга карата 1,5 миллиону калган. Тагыраагы, эки күндүн ичинде 2 миллиондой медициналык беткап сатылган. Ал эми дары-дармек департаментинин капчыгында 18 миңден ашуун беткап бар.

Булак: “Марал.фм”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь