Орусияда коронавируска кабылган алгачкы эки киши аныкталды

272

Орусияда коронавируска кабылган алгачкы эки киши аныкталды. Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 31-январда билдиргендей, эки аял тең Кытайдын жарандары. Бир учур Забайкальеде, экинчиси Тюменде катталды. Экөө тең карантинге алынды.

Премьер-министр Михаил Мишустин Алыскы Чыгышта чек араны жабууну тапшырды. 1-февралдан тарта кытай жарандарына жумушчу виза берилбейт.

30-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу глобалдык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келчү жаңы коронавирустан Кытайда 213 киши өлдү, 10 миңдей киши ооруну жуктуруп алды. Кытайдан сырткары 23 өлкөдө вирустун 100дөн көп учуру катталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь