Түркияда 20 жаштагы кыргызстандык кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти

618

Түркияда 20 жаштагы кыргызстандык мигрант Нурайым Молдалиеваны унаа сүзүп кетти. Ал кырсык болгон жерден жан берген. Маркумдун жакындары кыздын сөөгүн мекенине алып келүүгө финансылык жардам сурайт. Бул тууралуу Түркиядагы мигрант Мина Өмүрзак Kaktus.media басылмасына билдирген.

Кыз менен тааныштыгым жок. Анын өлүмүнөн кийин алыс тууганы мага жардам сурап кайрылды. Мен Нурайым тууралуу сураштырып анын өтө оор тагдыры тууралуу билдим“,- дейт Мина.

20 жаштагы Нурайым Молдалиева жетим болгон. Апасы бала кезинде эле каза болуп калган, ал эми атасы ичип кеткен. Кыз атасын көрбөй туугандарынын колунда чоңойгон.

Каргашалуу окуя 27-январда болгон. Нурайым Түркиядан тапкан курбулары менен унаада бара жатып, айтыша кетишкен. Кыргызстандык кыз машинадан чуркап чыгып жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Бул учурда же сүзгөн машина же курбуларынын эч кимиси токтоп жардам берген эмес.

Измир полициясы кыздарды табып алардан көрсөтмө алган. Бардык маалыматтар Кыргызстандын элчилигине өткөрүлүп берилди. Ал эми Стамбулдагы консулдук Нурайымдын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Минанын айтымында Түркиядагы мекендештер кыздын сөөгүн чет жерде калтырбоо үчүн акча чогултуп жатышат.

Акча которууга реквизиттер:

İş Bankası IBAN:

TR450006400000162350101568 ЛИРА.

İş Bankası IBAN:

TR580006400000262350034884 ДОЛЛАР.

ALINA KENZHEBAEVA

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь