Айыл өкмөт башчысы 350 миң сом пара менен кармалды (ВИДЕО)

414

Пара талап кылууга шектелип Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

30-январда Чүй областынын Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом өлчөмүндө пара менен кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү ишкер К.А.дан кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн 400 миң сом талап кылган.

Кармалган айыл өкмөт башчысы №1 абакка киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь