Аткезчилик менен кармалган этти жок кылбай, сатып жиберген сот аткаруучу кармалды

450

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу С.Н.А кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Ал жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучу 70 тонна эттин болгону 5 тоннасын жок кылып, калганын 150 миң долларга сатып жиберген.

Кармалган сот аткаруучу Жазык кодексинин 98-беренеси («Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу») боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь