Бишкекте мас балдар кафенин терезесин сындырып, бычак менен коркутушкан (видео)

383

Бишкектеги кафелердин биринде төрт жигит мас болуп ызы-чуу чыгарышкан. 31-январь күнү түнкү саат 2лер чамасында кафеге келген кардарлар мушташып кетишкен. Эс алуучу жайдын администратору арачага түшкөндө, кардарлардын бири досторун чакырган. Алар келип терезени сындырып, бычак менен коркутушкан.

Администратор милиция чакырганда бейбаштар изин жашырып кетишкен. Бирок алар кийинчирээк Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүштү.

Тополоң уюштургандар 1994-ж.т. К.Э., 1994-ж.т. Н.Э.,  1995-ж.т. С.А.,  1997-ж.т. С.И. экени аныкталды.

Балдар таксистти бычак менен коркуткан, унаадан эки бычак табылды.

Бул факт “бейбаштык” беренеси менен КЖБРге катталып, тергөө жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь