Россиядан Кыргызстанга короновирусту бир нече сааттын ичинде аныктай турган жабдыктар келет

471

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргызстандын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери россиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Жыйында белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары таанып, бир катар өлкөлөр Кытай менен аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бардык алдын алуу чараларын так ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү. Ал ошондой эле бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турарын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана коргоочу жеке каражаттардын (бет каптар), вируска каршы дары-дармектердин баасынын жогорулашын, аларды кымбаттаган наркта кайра сатууну алдын алуу үчүн мониторинг жүргүзүү керектигин дагы бир жолу эске салды.

«Биз короновирус инфекциясынан тез арылуу максатында кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча активдүү иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуулары зарыл», – деди Премьер-министр.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы бир катар, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жарандарга көзөмөл жүргүзүүгө тийиштүү так тапшырмаларды берди.

Тышкы иштер министрлигине Кытай Эл Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөөнү улантуу, алардын укуктарын жана саламаттыгын коргоо үчүн зарыл көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Комментарии

  1. hey there and thank you for your info – I’ve definitely picked up something new from right here.
    I did however expertise a few technical issues using this
    web site, as I experienced to reload the web site many times previous to I could
    get it to load correctly. I had been wondering if your web hosting is OK?
    Not that I am complaining, but sluggish loading instances times
    will often affect your placement in google and could damage your quality score if ads and marketing
    with Adwords. Well I am adding this RSS to my e-mail and could look out for much more of your respective exciting content.
    Ensure that you update this again soon. cheap flights 32hvAj4

  2. An interesting discussion is worth comment. I think that you ought to write more on this issue, it might not be a taboo matter but usually people don’t discuss these subjects.
    To the next! Many thanks!!

    Feel free to surf to my webpage; cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь