Коронавирус: Кытайдан сырткары аймакта биринчи өлүм катталды

566

Филиппинде Ухандан келген 44 жаштагы кытайлык жаран көз жумду. Анын жаңы вирус тараган Ухань шаарынан келгени белгилүү болду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кытайлык жаран Филиппинге келгенге чейин эле вирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн деп айтты.

Вирустун инкубациялык (белгилери байкалбаган) учуру бир күндөн он төрт күнгө чейин болот. Ушул аралыкта киши өзү да билбей айланасына коркунуч жаратып алат.

Кытайдан сырткары аймакта биринчи жолу вирустан көз жумган учур катталды. Бирок оору бизден жукпаганын айтып коюшубуз керек. Бейтап вирустун очогунан келген“,-деди ДСУнун Филиппиндеги өкүлү. Уюм жергиликтүүлөрдү дүрбөлөң түшпөөгө чакырды.

Соңку маалыматтарга караганда, дем алуу органдарынын сезгенишине алып келе турган жаңы коронавирустан көз жумгандар үч жүзгө жетти. Алардын көбү оорунун очогу болгон Хубэй провинциясынан. Вирусту жуктуруп алгандар Кытай боюнча 14 380 кишиге жетти. Бирок Гонконг университетинин адистери чыныгы сандар расмий булактан айтылгандан бир нече эсе көп деп болжоп жатат. Алардын маалыматы боюнча Уханда эле 75 миң киши вирусту жуктуруп алган.

Сактануу чаралары

Бир нече өлкө Кытайдан келген каттамдарды убактылуу токтотту. Биринчилерден болуп мындай кадамга АКШ менен Австралия барды. Кытайдан учуп келген өз жарандарын карантинде кармоодо. Хубэйден келгендер 14 күнгө чейин карантинде кармалат.

Каттамдарга чектөө койгондор арасында Жаңы Зеландия, Орусия, Пакистан, Италия жана Сингапур бар. Жекшембиде аларга Түштүк Корея кошулду.

Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттамдарга тыюу салуу – маалымат алмашуу, тажрыйба бөлүшүүгө, медкаражаттарды жеткирүүгө тоскоолдук жаратып, экономикага кесепетин тийгизет деп эскертүүдө.

Анын ордуна ДСУ аба майдандарында, чек ара бекеттерде толук процедуралар менен текшерүүнү сунуштады. Тыюу салынганда жашыруун жолдор менен өтүп кетүү аракеттери күчөп, тескерисинче вирус тез жайылат, деп эскертти ДСУ адистери.

Булак: Би-Би-Си 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь